Стамбулдагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ, 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунун Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон. Түркиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, жарылуудан 6 адам каза болуп, дагы 50сү жаракат алган.
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирет. Башкы консулдук Түркия бийлиги менен байланышта болууда.
Учурда каза болгондор жана жабыркагандардын саны көбөйүп, иликтөө иштери уланууда.