7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Студенттерден 300 миң сом чогулткан мугалимдер кармалды

483

Мамлекеттик экзамендерди кабыл алуу учурунда акча талап кылгындагы үчүн ЖОЖдун деканынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысы аныкталды.

27-майдан 29-майга чейин КӨЭУнун гуманитардык-педагогикалык факультетинде Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамен тапшырылган. Анда, декандын орун басары Д.у.Д., экзамендик комиссиянын мүчөлөрү жана А.А. менен сүйлөшүп, студенттерге жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылган. Экзамендин эки күнүндө студенттерден болжол менен 300 000 сомго жакын акча каражаты чогултулган.

«Опузалап акча талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, декандын орун басары УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө улантылууда.

484