7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сулайман Кайыпов: Ордо оюну – мамлекеттин аскерий аракеттеринин модели

431

Тарыхчы жана тилчи, профессор Сулайман Кайыпов: Кыргызстан демилгечи болуп, көчмөндөр оюндары азыр башка мамлекеттерге дагы тарап баратат жана келечекте эл аралык оюнга да айланып кетиши мүмкүн. Ал оюндар ичиндеги ордо – бул жөн гана оюн эмес, анын терең философиялык мааниси бар жана аны мамлекеттин аскерий аракеттеринин модели десе да болот. Оюндун чек арасы бар, аны жөн эле басып өтүп кете албайсың, оюндун ханы менен аскерлери бар, алар өзүнчө тактика жана стратегия менен аракеттенет, эгер хан тактысынан ыргыса, башкалар бүт мамлекетти талап кетет.

Көк-бөрү менен көкпар болсо бир эле оюн, илгери кыргыз көк-бөрүсүндө деле тай-казан болгон эмес, ал киргенден бери коопсуздук маселеси татаалданып, бир топ кокустуктар болуп кетти. Андан тышкары, учуп бараткан күлүктүн алдына тоскоолдук койбош керек, ал жылкынын табиятына каршы. Эң негизгиси болсо, оюнчулар бир-бирин сыйлап, эч качан башка тайпанын оюнчусун камчы менен башка чапкан эмес, анткени андан чоң чыр чыгышы мүмкүн, калыс дагы эч бир тарапка тартпай, өз милдетин так аткарууга тийиш…

432