22-май саат 15:30дан тартып Үңкүр музейи менен кичи туристтик жолдор зыяратчылар үчүн ачылды.
Зыяратчылардын коопсуздугун эске алуу менен Сулайман-Тоого чыгуу тоонун түштүк-батыш тарабындагы (Черемушка) “От дарбаза” эшигинен башталып, Бабурдун өжүрөсүнөн аяктайт. Зыяратчылар саат 9:00дөн 20:00гө чейин кабыл алынат.
Сулайман-Тоонун түндүк-чыгышындагы “Суу дарбазасы” тарабындагы зыяратчылар жолунда мониторинг иштери уланып жаткандыгына байланыштуу убактылуу жабык.
Музей комплекстин администрациясы аба-ырайынын ар кандай шарттарына ылайык, зарыл болгон учурларда, жарандардын коопсуздугу үчүн Сулайман-Тоонун аймагында чектөөлөр киргизилип тураарын алдын ала эскертет.