7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Сулайман-Тоо” музей-комплекси курулуш курууга жол берилбей турганын билдирди

143

Буга чейин Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман -Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштай турганын билдирген. Бул боюнча “Сулайман-Тоо” улуттук-тарыхый-археологияык музей-комплекси билдирүү таратып, аталган жай мыйзам менен корголуучу объект экендигин жана анда курулуш курууга жол берилбей турганын маалымдады.

“Жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келген бул маданий комплекс мамлекеттин жана эл аралык уюмдун катуу көзөмөлүндө. Бул мыйзамдык статустар жана ЮНЕСКОнун эрежелери тоонун тарыхый-жаратылыш келбетин сактоону, ага зыян келтире турган ар кандай курулуштарга жол бербөөнү талап кылат. Ошого байланыштуу, Сулайман-Тоо аймагында аркан жол салууга да жол берилбейт” деп билдирди “Сулайман-Тоо” музей комплекси.

Сулайман-Тоо — 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине «Ыйык тоо» номинациясы менен катталган Кыргызстандагы биринчи объект.

Сулайман-Тоо —Кыргыз Республикасынын «Стратегиялык объектилер жөнүндө» мыйзамы боюнча «В» категориясындагы объект болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамы менен корголот.

Сулайман-Тоо — табигый, тарыхый турпаты менен гана сакталат. Ашыкча курулмаларга мыйзамда белгиленген нормаларга ылайык уруксат берилбейт, -деп айтылат билдирүүдө.

 

144