Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал журналист Семетей Аманбековго берген маегинде билдирди.
Акаевдин айтымында, Сулайман-Тоонун дүйнөлүк мурас макамы анын айланасында туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга айрым чектөөлөрдү жаратууда. Тоого жакын аймактардагы курулуштар да ЮНЕСКО менен макулдашылышы керектигин белгиледи.
Мэр буга мисал катары ишкер Нариман Түлеевдин сунушун келтирди. Анын сөзүнө караганда, Түлеев Ошто курулуп жаткан “Сулайман парк” соода борборунан Сулайман-Тоонун чокусуна чейин асма жол салууну сунуштаган. Бирок ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул идея ишке ашпай калган.
“Ал жерде бир нече чоң устун орнотулмак. Бирок ЮНЕСКОнун өкүлдөрү буга каршы чыгышты. Тоонун айланасында чоң инвестициялык долбоор пландалса, аны да карап чыгууну талап кылышат. Бир сом акча бербейт, бирок «Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген» деген имидж бар”,- деди Акаев.
Ошол эле учурда Жанар Акаев Сулайман-Тоонун тарыхый жана маданий баалуулугун сактоо зарылдыгын белгилеп, анын айланасында веложол, тротуар, отургуч, ичүүчү суу жана Wi-Fi сыяктуу туристтик инфраструктураны түзүүнү сунуштады.
Мэр бул маселени Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен талкуулаганын билдирип, Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу боюнча жакын арада расмий кат жөнөтүүнү көздөп жатканын айтты.



