Оштогу Сулайман-Тоодон кулаган таштын кесепетинен 1 турак жай жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына жана жаан-чачындын кесепетинен Сулайман тоодон таш кулоо учуру катталып, Ош шаарындагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип киргендиги боюнча башкармалыкка 24-февраль күнү аталган турак үйдүн ээси кайрылган.
Кайрылуунун негизинде, жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты куткаруучу шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти.