SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган редакцияга журналисттин өзү билдирген.
«Бирөөсү 17-ноябрда кармалган. Ал эми экинчи шектүү качып кеткен жеринен кечээ алып келинет дешкен. Ур-токмокко алгандар эки киши болгон», — деген ал.
Азырынча милиция маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, 26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалып, ошол эле күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган.