7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигин катуу сындады

174

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматтын билдирди.

Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчет берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сындарды билдирди.

«Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчет берүү тапшырмасы берилген. Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес. Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет», — деди ал.


Эльвира Сурабалдиева отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес деп сөзүн улантты.

«Бишкек шаарындагы поликлиникалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дармектер медициналык мекемелерге багытталган? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкер жактары тартиптик жоопкерчиликке тартылышат. Мындан тышкары, Тез жардам станциясы жабдылбагандыгынын себеби эмнеде? Менин пикиримде, анын себеби айлык акыга гана тийиштүү эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк подразделениелерди башкарса, ал эми жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүсү тийиш», — деп билдирди Сурабалдиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

175