7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Кыргызстандыктар Садыр Жапаровду колдойт

310

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосунун жыйынтыгын Facebook`тагы расмий баракчасына жарыялады.

«Акыркы убактарда жалпыбыз президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар саясатында иш жүзүнө ашып жаткан көптөгөн далилдүү иштерге жана жакшы башталыштарга күбө болуп жатабыз. Укмуштуудай кескин экономикалык бийиктиктер жана социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүдөгү ийгиликтер менен кошо, биз эл аралык каржы институттарынан фискалдык-финансылык саясатыбыздын багытын колдогондорун угуп жатабыз», — деп жазган Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, биз үчүн бет алган курсубуздун эл ичинде жактырылышы өзгөчө мааниге ээ, анын жогорку деңгээлин ички сурамжылоолор тастыктоодо.

«Элдин мындай кеңири колдоосуна, экономикалык абалдын жакшырышына жана коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө күмөн санагандарга биз Эл аралык республикалык институттун көз карандысыз коомдук пикирлер боюнча сурамжылоолоруна бир көңүл буруп коюуну сунуштайбыз.

Сурамжылоолордун жыйынтыктары президенттин саясатын колдогондордун олуттуу өскөнүн, үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалынын жакшырганын жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциянын кескин азайганын көрсөтүүдө. Урматтуу Садыр Нургожоевичтин командасынын бет алган курсунун коомчулук тарабынан күчтүү колдоолорго ээ болушу мындан аркы экономикалык өнүгүүдө, жарандарыбыздын бакубат жашоосун жогорулатууда жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүүдө сөзсүз ийгиликтерди камсыз кылат.

Бул ийгиликтер – президент Садыр Жапаровдун жетекчилигиндеги өкмөтүбүздүн күжүрмөн эмгегинин үзүрлүү натыйжасы. Коррупциянын бардык баскычтарда олуттуу кыскарышы чынчыл жана ачык саясат жүргүзүүдө чечкиндүү жана натыйжалуу иштердин жүрүп жаткандыгын тастыктайт. Биз ар бир кыргызстандык үчүн туруктуу жана ишенимдүү жаркын келечекти камсыз кылуунун үстүндө ак кызматыбызды уланта беребиз!» — деп кошумчалаган ал.

311