7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сургут шаардык китепканасына Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды

433

Сургут шаардык китепканасына Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын демилгеси боюнча Сургут шаарынын администрациясынын буйругу менен №11 шаардык китепканага КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды.

Белгиленгендей, китепканада улуу жазуучуга арналган мемориалдык жай уюштурулуп, анын чыгармаларынын өзүнчө жыйнагы түзүлөт.

Элчиликтин Канцеляриясынын өкүлү Сургут шаарынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, китепканага дүйнөлүк адабияттын классигинин чыгармаларынын эки толук жыйнагын тапшырды.

434