Кыргызстанда 26-ноябрга карата COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду.
Бул тууралуу Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек – 5;
Ош облусу – 1.
Жалпы коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 1 миң 251 адамга жетти.
Ал эми сутка ичинде COVID-19 илдетинин 427 учуру катталды.
Бишкек — 178;
Ош — 17;
Чүй облусу – 94;
Ош облусу — 36;
Талас облусу — 13;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 23;
Баткен облусу — 28.
Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 71 миң 171ге жетти.
26-ноябрга карата дагы 439 бейтап айыгып, жалпы сакайгандардын саны 57 миң 760ты түзүүдө.
Бир сутка ичинде дагы 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.
Ал эми стационардан 5, үй карантининен 3 медкызматкер айыгып, чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 миң 858 учур катталды.