20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо объектилери, социалдык-тиричилик багытындагы жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
•3-кичи район
•4-кичи район
•5-кичи район
•7-кичи район
•8-кичи район
•9-кичи район
•10-кичи район
Ошондой эле төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта:
Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспектиси – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн дарыясы – Түштүк чоң Чүй каналы – Б.Баатыр көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Семетей көчөсү.
Суу, диаметри 600 мм болгон суу түтүгүнө жапкыч орнотуу, 400 мм түтүккө байланыштыргыч орнотуу, ошондой эле Рысмендиев көчөсү, 1/1 дарегиндеги аймактан 600 мм суу түтүгүн жылдыруу иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын-ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.



