7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суучул Денис Петрашов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

423

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Будапештте өтүп жаткан суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жигердүү жыйынтык көрсөтүп, өлкөнүн рекордун жана Кыргызстандын курама командаларынын дүйнөлүк чемпионаттарга катышуу тарыхында эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.

Спортчу мындай масштабдуу мелдештерде ийгилик маанилүү роль ойноорун белгилеп, күйөрмандардын колдоосуна ыраазычылыгын билдирди..

«Азыр биздин үмүтүбүз эртеңки 200 метрге брасс ыкмасында сүзүүгө багытталган, анда Денис өзүнүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү пландаштырууда. Келгиле, Дениске колдоо көрсөтөлү», — деген федерациянын президенти.

«Кыргызстандык сууда сүзүүчү биринчи жолу ушундай жогорку натыйжаларды көрсөтүп жатат, бул бизди абдан кубандырат! Биринчиден, бул биздин федерациянын бардык мүчөлөрүнүн, бассейндин, каржылоонун жоктугунан оор шартта иштеген машыктыруучулардын, спортубузду өнүктүрүүгө бекер жардам берип жаткан ыктыярчылардын жана ышкыбоздордун, тынымсыз каражат жана көңүл бурган ата-энелердин келечектеги чемпиондорго болгон ишеничинин натыйжасы жана жалпы эмгеги. Сиздердин салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет! Силер болбосоңор, биздин спорт азыркыдай болбойт эле», — деп жыйынтыктады Акматбаев.

424