7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте университеттин менчиктештирилип кеткен жери мамлекетке кайтарылды

300

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Аталган университетке тиешелүү болгон жер тилкеси 1998-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке берилген.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде бул жер тилкесинин менчик ээси өз ыктыяры менен жана акысыз түрдө жер тилкесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берген, анын базар баасы 130 млн 711 миң сомду түзөт.

Бул кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарына карата тергөө иштери уланууда.

301