7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суучул Искендер: «Жаш баланын сөөгүн тапканда суу астында ыйлаган күндөрүм болду»

913

ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу Искендер Рысалинов суучул кесиби тууралуу кеңири маек куруп берди.

Суучулдун өмүрү кылдын учунда

Кезектеги каарманыбыз Искендер мырза аркылуу Кыргызстандагы суучулдардын кызматын баяндайлы. Суучул – жайдыр-кыштыр суу астында техникалык жана издөө иштерин аткарган, 12 метрден ылдыйкы тереңдикке кирүүгө уруксаты бар адам. Өлкөбүздө суучулдарды шар аккан сууларга издөөгө да киргизишет. Дүйнөлүк эрежеге таянсак, агымы шар сууга кирүүгө болбойт.

“2-3 жыл мурда Аламүдүн капчыгайындагы шар суунун жээгинде селфи жасап жатып, агып кеткен кызды издедик. Аны издеп таштан-ташка тийип, суунун шары менен кошо актык. Арасында мен да бар элем. Мындай окуялар көп эле кездешет. Ал эми Нарын суусу секундасына 10 метр ылдамдыкта агып, кайыкты 3-4 жолу аласалдырып жиберүүгө күчү жетет. Элестетиңиз, мындай сууга кирген суучулдун өмүрү кылдын учунда экенин”, — деп кебин баштады маектешим.

Суучулдун өмүрүндө аркан менен аскадан сууга түшкөн көз ирмемдер көп кездешет. Жардын, асканын башынан шар аккан сууга түшүп жатканда арканың кыпчылып, бир нече убакыт асылып да каласың. Ошондо өмүрдүн таттуулугу, баркы сезилет. Эгерде суучул шар аккан сууда издөө ишинде каза болуп калса, өзү күнөөлүү деп табылат. Анткени эрежеге ылайык, суунун агуу ылдамдыгы секундасына 2 м болсо, сууга кирүүгө болбостугу ачык жана так жазылган. Айла жок, жардамга муктаж болуп, каржалып турган ата-энесин, туугандарын түшүнбөй койбойсуң. Анан кыштын кыраан чилдесинде агын сууга киребиз. А жакын адамын издегендер ызага муунуп, ичтери ачышып “издегенди билбейсиң, өзүм издейм”, — деп ачуу сөздөрдү айтып, шар аккан сууга кирүүгө, ажалга моюн сунууга даяр абалда турушат.

Мусулманчылыкта адамдын жүзү жок, жаназасы окулбайт эмеспи. Адамдын сөөгүн таап бергендин өзү соопчулук экен. Анткени, анын жерге берилип жатканына себепкербиз.

Мен үчүн суудан баланын сөөгүн табуу, аны алып чыгуу өтө оор. Элестетиңиз, жээкте баланын ата-энеси, жакын туугандары күтүп турат. Алардын ошол учурдагы абалы көз алдыңда. Баланын сөөгүн тапканыбызда жээкке алып чыга албай, суу астында ыйлаган күндөрүм болду. Анткени мен да атамын. Кырсык, өлүм кары-жашка карабайт экен. Өзгөчө жайкысын бирин-бири куткарам деп кучакташкан бойдон чөгүп кеткен балдар, өспүрүмдөр көп кездешет. Урматтуу ата-энелер, балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүңүздөр дегим келет.

Кээде чочконун, койдун өлүгү бутуңа илинет
Бир жолу беш жашар кыздын сөөгүн издеп, Чоң Чүй Каналына кирдик. Суу түбүнөн баланын денеси сыяктуу жумшак бир нерсе бутума илинди. Келме келтирип, алып чыксам уйдун башы экен. Адамзаттын жаратылышка, сууга орой мамиле жасаганын көрүп, жүрөгүң ооруйт. “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор” деген саптарды эч эсибизден чыгарбайлы! Анткени бир күнү сууга кор болорубузду унутпаңыз.
Өзгөчө Чоң Чүй каналынын жээгиндеги үйлөрдүн жашоочулары курулуш жана башка таштандыларын, тамак-аш калдыктарын мүшөктөргө салып ыргытып жиберишет. Кээде малдын териси, кой, чочконун өлүгү да бутуңа илинет. Ал тургай, эти шылынган малдын сөөгүн унаа менен каналдын суусуна төгүп салышканын көрдүм. Дал ушундай таштандыларды көрбөгөн шаар тургундары жайкысын ЧЧКга түшүп, эс алышат. Мындай таштандыга толгон сууга түшүү адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат. Айтайын дегеним, көп учурда таштанды топтолгон жерге адамдын сөөгү кептелип, үйүлгөн таштандынын астынан алып чыккан күнүбүз болду. Суу түбүндөгү жип-шуулар, таштандылар адамдын суудан чыгуусуна бир топ эле тоскоолдук жаратат эмеспи.

Иш үстүндө көз ирмемдер
Быйыл жаз айында Нарын, Суусамыр дарыяларына кирдик. Суунун ичинде бир нече агым бар. Бул агым адам эмес, кайыкты да оодарып, тегирмендин барасындай эле айландырып коёт. Мындан тажрыйбалуу суучулдар гана аман чыгат. Адамдын сөөгүн издеп, ар кимибиз ар кандай жаракат алдык. Бирок, жаракат алганыбызга карабай издейбиз. Себеби, оор экенине карабай ушул кесипти тандап алганбыз да.
Бир жолу Талас дарыясына агып кеткен адамды издеп жатканда, мени күчтүү агым бакка илип койду. Кыймылдай албайсың, анткени артыңдан суунун шары түртүп турат. Өнөктөшүм жардамга келип, кыйынчылыктан чыгарып кетти. Суу ичинде жасаган ар бир кадамың тагдырыңды чечет. Ошол себептен издөөгө команда менен чыгып, бири-бирибизди ар дайым түгөлдөп турабыз.
Суучулдун биринчи душманы – дүрбөлөңгө түшүү. Мисалы, суу маскасы үзүлүп, суучул дүрбөлөңгө түшсө 4-5 литр суу жутуп, тумчугуп калат. Мындай окуянын арты жамандыкка алып барышы мүмкүн. Ошондуктан суучул кесибине жаңыдан киришип жаткан жигиттерди көл түбүндө жабдыктарды алмаштыруу жолу менен үйрөтөбүз. Суучулдун кыймыл-аракетине, эмоцияга алдыруусуна жараша толтурулган аба коромжу болуп, зыянга учурайт. Андыктан бул кесипти тандап алгандар, көлдүн тереңинде өзүн башкарууну жакшылап үйрөнүүсү зарыл.

Суучулдун өмүрүн сактоого бир гана барокамера жардам берет 
Жайында Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун өкүлдөрү келишти. Бизге салыштырмалуу алар суу костюмдары, жабдыктары менен жогорку деңгээлде жабдылган. Бирок, чет элдиктерге караганда көлдүн эң терең жерине Ал эми мурунку жылдары келген чет элдик суучулдардын ар бирин көлдүн 45 метр тереңдигине чейин коштоп кирдик. Көлдө 25 метрден кийин ультра-фиолет нурлар жоголуп, кара-ак өңдөр гана көрүнүп, көрүмдүүлүк жоголот. Мындай тереңдикте кокусунан суучулдун жабдыгы бузулуп, суу түбүндө калса да, суу үстүнө чыгып кетсе да баротравма алат. Ошол себептен тереңдиктен чыгуунун таблицасына ылайык, ар бир он метрде тыныгып, организмге кирген азотту акырындык менен чыгарат. Суунун үстүнө жакындаган сайын көбүрөөк тыныгуу алыш керек. Антпесе адам инвалид болуп же олүп калышы толук мүмкүн. Өзгөчө көл тереңине кирип чыккан соң, суучулдун денесин калыбына келтирүүчү барокамера абдан керек. Кокусунан кырсыкка учураган суучулдун өмүрүн сактоого бир гана барокамера жардам бере алат»,-дейт Искендер Рысалинов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914