Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектурасынын кызматкери жер участокторунда алдамчылык иши менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, К.О.С. аттуу КРнын жаранын ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.
Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. кармалды.
Кармалган жаранга таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.
Азыркы учурда кармалгандар башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.