7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү карантинге алынды

760

Сузак райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү карантинге алынып, көз жарганы келген кош бойлуу аялдар облустук төрөт үйүнө жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу аталган бейтапкананын башкы дарыгери Азизбек Жолдошев билдирди.

«6-июнда, жекшемби күнү биздин төрөт бөлүмгө райондун тургуну келип көз жарган. Андан кийин ал коронавируска шектелди. Ал келин изоляцияга алынып, аны менен байланышта болгондорду убактылуу обочолонууга алдык. Кечээ күнү анализ алынган, бүгүн анын жыйынтыгы чыгат. Бейтапкананын администрациясы илдет башкаларга да жукпасын деген таризде төрөт бөлүмүн карантинге алып, убактылуу жаптык. Бизге кайрылган аялдарды облустук төрөт үйүнө жиберип жатабыз», — деди башкы дарыгер А.Жолдошев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761