7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак районунда 805 үй-бүлөнү жакырчылыктан чыгаруу аракеттери көрүлүүдө

568

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районундагы Кызыл-Туу жана Сузак айыл аймактарына барды. Анда мамлекеттин «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 100 миң сомдон каражат алып, ишкердик баштаган үй-бүлөлөрдөн кабар алды.

Аталган үй-бүлөлөр берилген каражатты мал чарбачылыгы, дайканчылык, тигүүчүлүк жана соода-сатык жүргүзүү максатында пайдаланышкан. Облус башчысы бизнес ачуу үчүн берилген ар бир жөлөкпулдун даректүүлүгү көзөмөлгө алынаарын айтып, аны натыйжалуу пайдалануу жана үй-бүлөнүн киреше бөлүгүн арттырууга чакырды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз каражаттар берилди.

Долбоорду ишке ашыруу алкагында 2023-жылы Сузак районундагы 805 үй-бүлөнү жакырчылыктан чыгаруу аракеттери көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569