7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак РИИБде Ооган ардагерлери сыйланды

399

Бүгүн 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 32 жыл толду. Ооган согушуна катышып, кайтып келгенден кийин ички иштер органдарында 30 жылдын тегерегинде үзүрлүү эмгектенген 6 ардагер бүгүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бул саамалыкка Сузак РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Эрнис Сатаров, Сузак РИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы майору Сүйөркул Бакиров катышты. Өздүк курам алдында Ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылып, алардын басып өткөн жолдору жаш кызматкерлерге чоң сабак экендиги белгиленди.


Өз кезегинде Ооган согушунун жана ИИОнун ардагерлери колдоо көрсөтүп жана куттуктоо жолдоп жаткан РИИБдин жана Ардагерлер кеңешинин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

400