Жалал-Абад облусундагы Орток токой чарбасы келерки жылы 100 гектар аянтка көчөт отургузууну пландоодо.
Жаратылыш ресурстары министрлиги билдиргендей, учурда Сузак районунун Ой-Тал аймагында жерди даярдоо жана көчөт отургузуучу чуңкурларды казуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, өлкөдө жыл сайын 2 миң гектардан ашык жерде токой өстүрүлүп, калыбына келтирилет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт.



