7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта айыл өкмөт башчысы менен орун басары кармалды

701

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси коррупция менен кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы категорияга кирген жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасыны менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен.

Андан кийин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс айыл аймагынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.
Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги “Бишкек-Ош” унаа жолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган жасалмалуулуктун белгилери бар материалдар табылып, алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702