Сузакта балдарды сүзгөн “Портердин” айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.
2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда “Манас” айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган.
Портердин айдоочусу 48 жаштагы жаран көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын билдирген.