7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта чет өлкөлүк жаранды тоногон 2 шектүү кармалды

287

Сузакта чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январда Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүнөн 37 жаштагы Түркиянын жаранына бейтааныш 20-25 жаштардагы 2 бала келип, таш заводуна жеткирип коюну суранышкан. Алар чет өлкөлүк жарандын унаасына отурушуп, Таш-Булак айыл аймагына караган сай тарапка жеткенде, аны коркутушуп, миң сомдон ашуун акчасын жана кол телефонун алып качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене «Тоноо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Иликтөө иштеринин натыйжасында 2003-жылы туулган К.Б. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган А.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандар жасаган кылмыш ишин толугу менен моюндарына алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

288