7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта имам милиция кызматкери менен 17 жаштагы кыздын никесин кыйган

818

Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну, 1994-жылы төрөлгөн Э.К. Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек К.Х. менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы В.К., жолдошу Э.К. жана нике окуган дин кызматкери И.Рга карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.

Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

819