7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта Камчыбек Ташиевдин катышуусунда 420 орундуу жаңы мектеп ачылды

1042

Сузакта Камчыбек Ташиевдин катышуусунда 420 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-октябрь күнү, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы №34 «Комсомол» орто мектебинин ачылышы болуп өткөн.

Аталган мектеп 420 орундуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 49 млн. 500 миң сом акча каражаты сарпталган.

Саамалыкта облус башчысы жалпы айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Жергиликтүүлөрдө билим берүү мекемесине болгон муктаждык жоюлганын айтып, бул өсүп келе жаткан жаш муундардын мыкты билим алуусуна көрүлгөн камылга экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1043