7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта куурчак ойноп жаткан кыз кайчы менен көзүн сайып алды

1139

Сузакта куурчак ойноп жаткан кыздын көзүнө кайчы сайылып калган. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июль күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Жалал-Абад областык жаш балдар ооруканасынын дарыгери тарабынын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Анда Сузак районунун Аскар-Ата айылынын тургуну 9 жаштагы Ш.Х. үйүндө куурчак ойноп, көйнөк кыркып жатып кокусунан оӊ көзүнө колундагы кайчы менен сайып алган. Натыйжада ал денесинен жараат алып Жалал-Абад областык жаш балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1140