7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

290

Кечээ, 18-сентябрда Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага аким Баратбек Сыдыкназаров, АКШ мамлекетинин Стерлинг фондунун Борбор Азия боюнча өкүлдөрү Анду Ларсен, Шери Ларсен, райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышкан.

Айта кетсек, аталган борбор аким Сыдыкназаровдун демилгеси менен Стерлинг фондунун колдоосунда курулду. Имаратта машыгуу залы, компьютердик бөлмө, конференция, кол өнөрчүлүк залы, ашкана жана жатаканасы каралган. Ошондой эле майыптыгы бар жарандардын реабилитациядан өтүүсүнө толук шарттар түзүлгөн.

291