Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылынын Бай-Маала тилкесинде жер көчкүнүн активдешкени байкалып, 14 үй-бүлөгө коркунуч жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан өтө кооптуу делген корутунду чыгып, бүгүнкү күндө кооптуу аймакта жашаган 14 үй-бүлөдөн 5 үй-бүлө Кыз-Көл айыл аймагындагы Кара-Март, Кашка-Терек айылындагы үйлөргө көчүрүлгөн.
«Калган 9 үй-бүлөнү, Сууга-Шел тилкесине көчүрүү үчүн ӨКМ тарабынан чатырлар бөлүнүп, айыл аймак тарабынан берилген жер тилкелерине чатырлар тигилип, көчүрүлүп чыгарылды. Бүгүнкү күндө кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча министрликтин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аким, мэрлерге атайын эскертмелер берилген. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кооптуу аймактарда жашаган 1137 үй-бүлөгө атайын эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп берилет маалыматта.