7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта зордук-зомбулукка каршы спорттук мелдеш өткөрүлдү

885

Сузакта зордук-зомбулукка каршы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин жана Ырыс айыл өкмөтүнүн демилгеси менен өткөн. Кичи футболго аталган айыл аймактын мектеп окуучулары жана кесиптик лицейдин студенттери катышышты.


Оюндардын жүрүшүндө активдүүлүгүн көрсөтүп, 1-орунду №5 Бабур атындагы орто мектебинин окуучулары жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан кубок, баалуу белектер тапшырылды.


Жаштар арасындагы ынтымакты бекемдеп, зордук-зомбулукка каршы уюштурулган спорттук иш-чара учурунда милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү. Мекенди жана спортту сүйүүгө чакырышып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы эскертилди.

886