7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы Porter кырсыгы: Балдардын абалы кандай?

563

Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы Сузак районунан которулуп келген 10 баланын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

6-майга карата кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт баланын үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер тарабынан операция жасалып ийгиликтүү өткөн, бүгүнкү күндө абалы туруктуу жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алты баланын абалы жакшы деп бааланат.

Бут-сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда. Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

564