7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сычуань провинциясындагы жер титирөө. Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

711

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

КРнын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз»,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712