7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сынган кылыч» тасмасы тартылат

17
«Сынган кылыч» толук метраждуу тасмасын тартуу пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал бул актуалдуу маселе экенин жана учурда ири масштабдуу тасмаларды тартуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.
«Он жыл мурун «Курманжан Датка» тасмасы тартылган, бирок андан бери бир дагы ири масштабдуу тасма тартылган эмес. Азыр биз Төлөгөн Касымбековдун чыгармасынын негизинде «Сынган кылыч» аттуу толук метраждуу тасманы тартууну көздөп жатабыз.
Учурда бюджет такталууда, ал эми драматург Султан Раев сценарий жазууга макул болду. Менимче, тартуу иштери 2026-жылдын аягында же 2027-жылдын башында башталат», — деди Тагаев.
18