Ак үйдөгүлөрдөн баштап, мамлекеттик жооптуу кызматта иштегендер жалкоолуктун айынан иш кагаздарын орус тилинде жүргүзөт дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев.
«Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн башты иштетиш керек. Ал үчүн грамматика, тыныш белгилерин, сөз айкаштарын жакшы билиш керек, башты иштетиш керек. А эмне үчүн расмий тилде жазып жатат деп ойлойсыңар? Анткени орус тилинде даяр текст бар. Алар жазбайт, даяр тектти көчүрүп коюшат, жазбайт. Мен муну толук жоопкерчиликти алуу менен айта алам. Анткени көрүп жүрөм«, — дейт Мусаев.
Өткөн жума, Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сырбай Мусаевди кабыл алып, мамлекеттик иш кагаздарынын кыргыз тилинде жазылуусун талап кылууну күчөтүүнү тапшырган.
Президенттин алдындагы улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сырбай Мусаев, иш кагаздарын текшерүү үчүн комиссиянын ыйгарым укуктары жетизсиз болуп жатканын, ал үчүн мамлекеттик тилдин статусу Конституция менен бекитилиши керектигин айтат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram