Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель бир тараптуу убактылуу жабылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек — Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы туннель бүгүн саат 15:25тен тарта бир тараптуу убактылуу жабылып, ачылып турат.
Мындай чечим №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.