Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, туннелдин 2 миң 510 метрди түзгөн унаа жолу толугу менен асфальтталат.
Белгилей кетсек, туннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылып турат. Иштер 26-июлдан 6-августка чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта унаалар төмөндөгүдөй график менен өткөрүлүп турат:
Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:
— оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;
— жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.
Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек — Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):
— оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;
— жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.