30-декабрда Төө-Ашууда унаалардын узун тыгыны пайда болду. Бул туурасында социалдык тармактардын колдонуучулары ошол учурдан тартылган видеолор менен бөлүшүүдө.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, ашууда жол кырсыгы катталып, кырдаалдан улам узун кезек пайда болгон.
Учурда Төө-Ашууда эч кандай чектөөлөр жок.