Сузак районунун тургундары жубайлар Советбек Абдиназаров жана Матым айымдын короосунда учурда 6 төө куш бар. Буга чейин алар 7 жыл аралыгында үндүк багып бир топ киреше алышкан. Мындан бир жыл мурда Мактым айым элеттик айымдарды окуткан долбоорлорго катышып, бул тармакта бир топ тажрыйба алгандыктан жубайлардын төө куш багып калуусуна анын салымы чоң.
Короодо 6 төө куш болсо алар жайытка байланып, кайра өздөрү кайтып келишет. Алгач айылдыгылар бул канаттуулар балдарды чокуп тебелеп кетет деп кооптонуп келишсе, эми төө куш бакканы кызыгуусу арткан.
«7 жыл үндүк бактым. Төө куштарды караш өтө жөнөкөй экен. Жемин, суусун берип турабыз»,- дейт жубайлар.
Абдиназаровдун айтымында Төө куш негизинен көк чөп, жүгөрү, арпа буудай жейт. Бул канаттуунун этинин килограмы 800 сомдон 1000 сомго чейин сатылат. Ал эми бир даана жумурткасы 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин болот дейт. Төө куштун жумурткасы 2 килограммга чейин барат. Ал эми сууга орточо эсеп менен 1,5 саат бышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга төө куш биринчи жолу 2013-жылы алынып келген. Учурда төө куш баккандардын саны күн санап өсүүдө.
Толугу менен https://fb.watch/gAlZiaPVmW/ көрө аласыздар