Жогорку Кеңештин жыйынында Балбак Түлөбаев Кыргызстандын чоң арак заводдору жабылып тургандыгын айтып, Россия менен Казакстандын арактары 80% өлкөдө жайылганын билдирди.
“Бир коркунуч бар алдыда. Монополист Кыргызстанда, монополист эмес коп чоң заводдору жабылып турат. Ар кандай себептери бар, аны сот чечет. Народныйга же башка супермаркетке кирсеңер кыргыздардын арагы турган текчелерде 80% Россияныкы жана Казакстандыкы турат. Эртең спиртиңерди кимге сатасыңар? Рынокты алдырып ийдиңер, алар мындан ары бербейт эми! Эмдиги жылы бюджет кандай болоорун эми көрөбүз”,- деп өкмөткө нааразычылыгын билдирди.