Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөткө 5 тонна алтынды сатып, Бишкекке монорельс курууну сунуштады.
«4-5 миллиарддан жыл сайын мэрияга акча берип жатасыңар. Мен мэр болуп турганда ушул акчаны берсеңер гана. 1-2 мектепти араң салчубуз, азыр 15 мектеп салып берип жатасыңар. Азыркы мэр жыргады. Монорельсти айтсам, мени шылдыңдап «колун көрсөттү» дедиңер эле. 17-19 чакырымга бир монорельс куруп койсок, көп болсо 180 миллион доллар болот экен. Алган автобусуңар деле ошого барып жатпайбы. 5 автобус токтосо жол чырактан аялдамага чейин тыгын жаралат. Ойлонсоңор маселе чечилмек!»,- деди ал.
Эскерте кетсек, Түлөбаев өзү борбор калаанын мэри болуп турганда монорельс куруу планын айткан.