7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түн жамынып, айылга чуу жараткан жарандын божомолу оңунан чыкпай калды

736

Түн ичинде айылга чуу салган жарандын божомолу оңунан чыкпай калды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү Жумгал РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну 1982-жылы туулган Т.К. 102 телефонуна чалып, «Кызыл-Жылдыз айылынын Жорго-Сейит аймагында белгисиз адамдар от жагып алып уй сойуп жаткан жеринен кармап алдым», — деп билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө барган учурда, Т.К. саат 23:30 чамасында Жорго-Сейит аймагынан айылды көздөй өзүнүн автоунаасы менен келе жаткан учурда суу жээкте от күйүп жатканын көрүп, ал жерге жакындап жарык берүүчү каражаты менен караган учурда болжол менен 20-25 жаш курактагы беш бала ар кайсы тарапка качып кеткендигин айтып, ал эми Жумгал РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы маалыматты тактоо ирээтинде жеринен тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда эки жерге от жагылган жер аныкталган жана кылмышка тийиштүү эч кандай белгилер байкалган эмес.

Аталган факты боюнча Жумгал РИИБү тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737