7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндө Бишкекте кампадан ири өрт чыкты

646

Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалын 9-июнга караган түнү катталып, жерине 10 күжүрмөн эсеп тартылды. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынан бир топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Штаб тартылган.

Мындан сырткары, жеринде дагы ИИМден 3 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, «Тазалык» ишканасынан суу ташуучу унаа тартылды.

Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 куб метрди түзөт.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды.

Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон ыкчам түрдө чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду.

Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647