Кыргыз-кытай чек арасында 24-январдан 25-январга караган түнү бир нече жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашкан.
- Саат 21:01де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү: Бедел айылында 3,5 баллга чейин, Кумтөрдө 3 баллга чейин сезилген.
- Саат 00:45те күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, жердин силкинүүсү Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген
- Саат 02:05те жана 02:35те очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган.
- Саат 04:21де күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү: Бедел айылында 4,5 балл, Ак-Шыйрак, Кумтөрдө 3,5 баллга чейин жеткен.
- Эртең менен саат 07:24 жана 07:43тө 5 жана 4,5 баллга жеткен эки жер титирөө болду.
Жердин силкинүүсү Бедел айылында 3,5 балл, Кумтөрдө 3 балл жана Ыштык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.