Түндүк электрондук порталынын кызматын 16 миллиондон ашуун адам колдонгон. Бул тууралуу бүгүн, ЭСКАТО (Борбор Азия экономикасы үчүн БУУнун атайын программасы) катчылыгынын субрегионалдык семинарында Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымдады.
Анын айтымында, Түндүк порталынын тиркемесин 2 миллиондон ашуун адам телефонуна жүктөп алган.
Кыргызстан кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү боюнча алдыңкы орунга чыкты. Интернеттеги жаңылыкты кыргыз тилинде угуза турган колдонмо жана chat GPTнин аналогу “Акылай” ишке кирип, балдарга кыргыз тилинде жомокторду окуп бере баштаган. Ушул жана башка жетишкендиктер тууралуу бүгүн, ЭСКАТО катчылыгынын субрегионалдык семинарында кеңири айтылды.
Орто жана чакан ишканаларга санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү туруктуу өнүктүрүүгө басым жасалган Инновация жана технология боюнча семинарга Түндүк жана Борбор Азиядан 8 мамлекет, СПЕКА программасынан 6 мамлекет катышууда. Тактап айтканда, Азербайжан, Афганистан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан, Кытай, Корея, Россиядан БУУдан адистер чакырылган.
Субрегионалдык семинар — инновация жана инновациялык технологияны колдонууда кызматташуу, инновациялык долбоорлорду каржылоо, мамлекеттик-жеке кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Бүгүнкү талкууга Түндүк жана Борбор Азиядан Орто жана чакан ишканалардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер активдүү катышты.
Субрегионалдык семинардын алгачкы күнү Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Инновациялар технологиясы департаментинин өкүлү Ким Тайхун, СПЕКА катчысы Кристофер Этей куттуктоо сөз сүйлөдү.
Иш-чарада мамлекеттик кызматтарды жана санариптик платформаларды баалоо, аймактын биринчи кезектеги муктаждыктарын аныктоо, буга байланышкан жалпы жыйынтыктарды чыгаруу каралат. Иш-чара Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекетти агенттиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте уюштурулган.