7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк Кореянын спортчулары Түштүк Кореянын спортчулары менен күлүп түшкөн сүрөтү үчүн жазаланат

536

Парижде өткөн жайкы Олимпиада учурунда Түндүк Кореянын стол тенниси боюнча спортчулары түшкөн сүрөтү үчүн бийлик тарабынан жазага тартылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Daily NK жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Түштүк кореялык спортчулар менен сүрөткө түшүп жатып жылмайган Ли Жон Сик менен Ким Кым Ёнду партия өкүлдөрү айыпташты. Спортчуларга үч этаптан турган идеологиялык сынак өткөрүлөт. Ал 15-августта спортчулар мекенине кайтканда башталган, бир айга созулат.

The Telegraph белгилегендей, спортчуларга башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен өзүн кандай алып жүрүү боюнча «өзгөчө» көрсөтмөлөр берилген. Теннисчилер көрсөтмөгө ылайык иш кылышкан эмес.

Ведомство спортчулар бийликтин көрсөтмөсүн бузган деп чечсе, алар кандай жазага тартылары белгисиз.

Эскерте кетсек, Париждеги Олимпиадада Кытай, Түндүк Корея, Түштүк Кореянын спортчулары өлкөлөр ортосундагы мамиле чыңалганына карабай сүрөткө түшкөн. Сүрөт социалдык тармактарга тарап, катталуучулар бул сүрөт “эл аралык ынтымактын” жана “биримдиктин” белгиси болуп калсын деп жазышкан.

 

 

 

537