Орто-Токой ГЭСин куруу иштеринин башталганына аз убакыт болсо да, учурда бир катар жумуштар бүтүп, иш кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
“Учурда аткарылып жаткан жумуштарды барып текшерип келдим. Буюрса бул ГЭС курулуп бүтсө, энергетика тармагындагы дагы бир ийгилигибиз болот”,-деди ал.