7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп – Кеген унаа жолунун 80 пайызы аяктады

179

Түп – Кеген унаа жолунун 80 пайызы аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Түп-Кеген унаа жолунун 39-76-чакырымдар аралыгы жана узундугу 13 чакырымды түзгөн Каркыра-Турук-Сары-Жаз автожолунун курулуш иштеринин 80% аяктап калды. Аталган долбоордун алкагында Сан-Таш тарыхый-мемориалдык комплексине баруучу 1 чакырым жолду куруу да каралган.

Аталган жолдун курулушу 2022-жылы башталган. Курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү 2025-жылдын июль айына туура келет. Учурда асфальт төшөө жана жол белгилерин орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

2024 –жылдын курулуш мезгилинде Түп-Кеген жолунун 30 км асфальт-бетон төмөнкү жана 34 км үстүнкү катмарлары төшөлдү. Долбоордун алкагында 107 даана жол алдындагы суу өткөрүүчү түтүктөр жана 10 даана кичинекей көпүрөлөрдүн курулушу аяктады. Түп-Кеген жолу III жана IV категориядагы 11,5 тонна жүккө ылайыкталган эки тилкелүү жаңы технология менен майдаланган мастикалуу асфальт-бетон төшөлмөсү менен курулуп жатат. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт.
180