Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки бейтапкананын курулушу башталды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Аталган социалдык объектилер Санташ жана Кутургу айылдарына салынат.
Курулуш толугу менен «Ас-Сафа Борбору» эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланары айтылды.