7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды

417

Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ 21-ноябрда саат 16:20 чамасында​ ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышкан.

​Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү ​ үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамды туугандары издешкен. Андан натыйжа болбогондуктан 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн.

418