7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө менчикке өтүп кеткен 20,5 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

553

Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен жер аянттарын мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен 4 дыйкан чарбасына жалпы 61,4 гектар айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура сотко доо арыздар менен кайрылып, кароонун жыйынтыгы менен алар толук менен канааттандырылган. Натыйжада, баасы 20 миллион 575 миӊ сомду түзгөн 61.4 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

554